11 май 2026
Кароолор: 10
КАДАМЖАЙ: Облус башчысы Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү
Баткен Облусу
22 ч. ·
Поделился/-ась с Доступно всем
КАДАМЖАЙ: Облус башчысы Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Жолугушууга 300гө жакын жаран катышып, анда 40тан ашуун тургун өздөрүн кызыктырган суроолор жана көйгөйлөр менен кайрылышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө негизинен мектеп, бала бакча, фельдшердик-акушердик пункттарды куруу, жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыздоо, сугат жана таза суу маселеси, ички жолдорду оңдоо, селден коргоочу дамбаларды куруу, ошондой эле жеке укуктук маселелер көтөрүлдү.
Көтөрүлгөн кайрылуулардын бир бөлүгү жеринде чечилип, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине так тапшырмалар жүктөлдү. Ал эми кошумча кароону жана убакытты талап кылган маселелер көзөмөлгө алынып, жооптуу кызматкерлер тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Иш-чарага облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, жарандардын ар бир суроосу боюнча кеңири түшүндүрмө беришти.
Мындай жолугушуулардын негизги максаты — эл менен түз байланыш түзүп, жарандардын көйгөйлөрүн өз убагында жана натыйжалуу чечүү.
Белгиленген графикке ылайык, облус башчысынын Баткен облусунун тургундары менен жолугушуулары мындан ары да бардык район-шаарларда улантылат.
Жолугушуу УТРК Баткен телеканалы аркылуу түз эфирде чагылдырылды.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы